Tuesday, May 19, 2009

A History of Our Revolution

By Nazarbek Akylbek Uulu
March 26, 2005

Революциянын баасын тарых берет.

Бир коомдо жашап жаткандан кийин ал коомдо болуп жаткан окуяларга кайдыгер карап же ал окуялардан оолактап кете албайт экенси¾. Андыктан, жакында јлкјбіздј болуп јткјн тарыхый окуяларга жана алардын натыйжасында тізілгјн саясый кырдаалга ар бир жарандын јзінін жеке ой пикири бар болсо керек. Мен дагы Кыргызстандын жараны катары, јлкјбіздјгі окуялардын јнігішінј тынчсыздануу менен назар салып тізілгјн абалга кандайдыр бир баа беріігј аракет кылдым. Акыры сјз эркиндиги укугумдан пайдаланып јзімдін жеке ой пикиримди профессионал саясатчы же саясый аналитик катары эмес, катардагы жаран катары коомчулукка жеткиргим келди.

Кытай элинде “Јзгјріілјр доорунда жашап калса¾ экен” деген байыртадан белгиліі бир каргыш бар эмеспи. Бул улуу сјздін ма¾ызын биз, замандаштар, кимдир бирјјнін каргышына калгансып ушундай тополо¾ тј¾кјрішті башыбыздан кечирип жатканыбызда гана эми тішініп жатсак керек. Мындай алааматты биз мурда тарых китептеринен гана окуйт элек, бир кезде айтылуу большевиктер уюштургандай революция бизде экинчи кайталанбастай, тарыхтын барактарында тібјлік калгандай сезилчі эле, себеби бир кылымга жакын убакта адамзаттын менталитети кыйла јзгјрбјдібі. Эмигиче бизде да тј¾кјріш болгонуна, биздин борбор калаабызда да тээ алыскы Багдаддагыдай аёосуз талап тоноочулук болгонуна, калаабыз бир тін ичинде таанылгыс абалга келип калганына ынаналбай жјн гана бир коркунучтуу тіш сыяктуу сезилет. Тіш эле болуп калса эмине...
Анткен менен, каалайбызбы, каалабайбызбы, эгемендіі Кыргызстандын тарыхында мурда болуп кјрбјгјндјй, ири тарыхый мааниге ээ, коомубуздун мындан аркы јнігішінј о¾ же терс таасир этіічі окуя болуп јтті. Албетте, тарыхта калчу бул окуяга тіздјн тіз кібј болуп калганыбыз ічін бизге бир жагынан сыймыктуу болсо, бир жагынан јтј јкінічтіі болот экен, анткени тј¾кјріш кандай гана жакшы ниет жана идея менен ишке ашырылбасын анын аты андан јзгјріп кетпесин, бары бир коомдун кінімдік жашоосуна јз залакасын тийгизбей койбосун унутпасак экен, ал эле эмес, коомдун јнігішін артка тартып коёру айтпаса да тішініктіі эмеспи. Бул чындыкты канчалык ачуу болсо да мойнубузга алышыбыз керек. Айрым замандаштарыбыздын абалды толук баамдабай туруп эле бул окуяны майрамга айлантып жиберишкени, Акаевдин бийлиги куласа эле жыргалчылык заман келет деп эйфорияга алдырышканы, жумшак айтканда, биздин коомубуздун саясый жактан мындай тарыхый јзгјріілјргј дале болсо даяр эместигин тастыктады. Андан да јкінічтіісі карапайым эл мындай тј¾кјріштјрді коомго жагымдуу бир кјрініш сыяктуу кабыл алып жатканы тынчсыздандырууну туудурбай койбойт экен. Бул тј¾кјрішкј азыр тигиндей же мындай баа беріігј али эрте экендигин, мезгили келгенде бир гана тарых јз баасын берерин, анын ма¾ызын, о¾ жана терс жагын тарых жана келечек муундар таразаларын элибиз эсинен чыгарбаса экен.

Менимче, эл жа¾ыланууга каршы эмес, жа¾ылануунун зарылчылыгы келгенин эл сезип тішініп эле атты. Бийлик алмашуу бардык демократия принциптерин туу туткан мамлекеттерде мыйзам ченемдіі кјрініш болуусу тийиш. Эгер бийлик кјпкј турса, анан калса јзінін мјјнјті біткјнінј карабастан дагы эле бийликте калуунун болгон амалдарын издеп баштаса, айланасына јзінін тууган уругун чогултуп, ій білјсін јлкј саясатына тіздјн тіз аралаштырып, башка саясый муунга бийликке табигый жолдор менен келіігј ачык эле бут тосо баштаса, албетте, бийлик бузулат, андай бийликтен конструктивдіі эч нерсе кітіігј болбой калат, коомдо бир кландын же топтун диктатурасы орноо коркунучу туулат да буга каршы коомдун табигый јзін јзі коргоо рефлекси пайда болуусу та¾ каларлык деле эмес.
Мына ушундай абалга жетип элинин ишеничин жоготкон мурдагы бийликтин алсыздыгынан, ара¾ турган элдин абалынан кээ бир оппортунисттер пайдаланып кетпјјсі ічін Акаевдин јкмјті да, оппозиция да тиешеліі аракеттерди убагында кјрішкјн жок. Айрым оппозиционер деп јзін јзі атагандар саясый абалды курчутууну гана кјздјп келишпедиби, ал эми бийлик болсо компромисс табуунун ордуна элди курулай чакырык, идеология менен јзінј тартуунун аракетинде келди. Бул революциялык абалга Акаев режиминин саясый ачкјздігі, саясый абалдын келечегин туура баамдап кјрјбилбегендиги, оппозициянын кічінј жана амбицияларына жеткиликтіі маани бербей келгени жана ошол эле учурда оппозициянын кээ бир јкілдјрінін ара¾ турган элди кјтјріп јз амбицияларынын ишке ашыруусу ічін учурдан пайдаланып кетиши себепкер болду. Анткен менен, мамлекетти бігінкі революциялык абалга чейин алып келіігј Акаевдин да, башкалардын да укугу жок эле.

Элдин чыныгы мідјсін тішінбјй, революциянын кесепеттерин ойлонбой элди кјтјрілішкј індјгјн айрым лидерлерибиз революциянын кесепети хаоско алып келиши мімкін экенин, эл контролдон чыгып кетсе анархияга жол ачылышы мімкін экендигин мурда ойлодубу экен, же ошол эле лидерлердин артынан ээрчиген эл тј¾кјріштј, сјз јзі эле айтып тургандай, коомдогу бир таптын укугун орнотуу экинчи бир таптын укугун тепселјј аркылуу гана болорун ойлоду бекен? Борбор калаабызда орун алган талап тоноолор андай болбогонун ачык эле кјрсјтіп жатпайбы. Эл деген шылтоо менен айрым лидерлер бийликке жетишііні жана жеке сяасый амбицияларын ишке ашырууну гана кјздјгјні алардын талап тоноочулукту токтотууда эч кандай чара кјралбай койгонунан, јздјрі кјтјріп чыккан элди контролдой албаганынан, керек болсо мурдагы бийликке каршы пикетке чыккандай элге чыгып, жок дегенде, токтотууга аракет кылгандын ордуна теледен бары те¾ бири бирин куттуктап, Акаев элди кандай абалга алып келгенин гана талкуулап отуруп алышынан кјрініп турбадыбы.

Ал эми жа¾ылануу, боштондук деп кыйкырган айрым мекендештерибиз жјн гана јзінін материалдык абалын башка бирјјлјрдін эсебинен жакшыртып алалы дегени Бишкектеги тінкі жіріштјн кийин ми¾ актанса дагы жуулгус кара так болуп калды кјрінјт. Айрым мекендештерибиз бир ууч провокаторлордун сјзінј кирип Акаев тактыдан куласа эле каалаганын кылып башташ керек экен деп минтип ач кјздіккј же¾илип, кара ниет менен бирјјнін убалынан, каргышынан коркпой, каратып туруп мындай ыплас ишке барганы абдан јкінічтіі. Бизде болгон мындай аёсуз талап тоноолор менен коштолгон білдіріілјр башка бир да жерде болбосо керек. Ошол эле Ирактын эли биз теледен кјргјнібізгј караганда Саддам Хусейнге гана таандык хан сарайларды анан јкмјттік жайларды талап, анын мілкін ташып кетишкен. Бизде болсо эч кандай Акаевдин тиешеси жок жеке ишкерлерге таандык жерлер чабуулга учураган. Мейли Акаевдин жеке јзінін дікјні болсо да ал жерде канчалаган мекендештерибиз эле иштеп ій білјсін багып жатканын, ал жердин ізірін биз деле кардар катары кјріп атканыбызды тішінсјк болбойбу! Анткен менен, бул жагымсыз окуя стихиялуу тірдј ичкилик ичип алган а¾ сезимсиз жаштар тарабынан кокустан эле орун алды деп айтылып жаткан менен, андайга окшошпой турганын байкоо ічін Шерлок Холмс деле болуунун кажети жок. Биринчи кезекте айтылуу Народный дікјндјрінін тійінін дээрлик бардыгынын таш талканынын чыгарылышы (элде Народный дікјндјрінін тійіні ій білјгј таандык экен деген имиштер башында эле бар болчу), Бишкекте болгон бардык супермаркеттердин жана кымбат элиталык бутиктердин кыйратылышы (революция убагында байлар бай болгону ічін эле эл душманы катары эсептелип калат да эл јз жинин ушинтип байлардан чыгарат эмеспи), жана кымбат тиричилик техника саткан дікјндјрдін жјн гана уурдалып жана кыйратылышы, ал эми кытай жана тірк жарандарына таандык супермаркеттерди жјн эле тоноп талкалабастан јрт да коюп кетиши, ошол эле учурда ошол эле кјчјлјрдј чогуу жайгашкан кичи кафе, чач тарач, дікјндјрдін ж.б. эч жабыркабашы, бирок тірк кафелери, жада калса эч ким байкабас жерде жайгашкан чач тарач жайлары аёосуз тонолуп кыйрашы бул белгиліі бирјјлјрдін алдын ала ийне жибине чейин ойлонуштурулган сценарийи го деп ишенбјјгј аргасыз барасы¾. Анан калса же конкуренттеринен арылуу ічін же же¾ишке жеткен элге трофей катары ушул ушул жайларды алгыла деп бирјјлјр атайы эле індјгјндјй кјрінјт. Эмнеси болсо да шаарыбыздын кјркін ачкан, жумуштан јтіп баратканда эс алып, ырахаттанып, орусча айтканда цивилизованно соода кылчу, чет элдиктер келсе сапка саяр бир дагы соода борбор калтырбадык. Баракелде! Јзібізді бир тін ичинде 5-10 жылга артка сійрјдік бири бирибизди кјралбастыктын айынан. Эми дагы качан мурдагы соода борборлору калыбына келер экен? Зато бітіндјй дійнјгј јзібізді таанытпадыкпы бизден јткјн білдіргічтјр жок деп. Аты¾ чыкпаса жер јрттј дегенди јзібіз бекеринен айтпаган турбайбызбы.

Ал эми учурдагы кырдаалды баамдасак, бул тј¾кјріш кээ бир саясый оппортунисттерди жана же¾ил оокат кјздјгјн адамдарды эске албаганда, саясатка аралашпаган, јз оокаты менен алек тынч жаткан элге зыяндан башка пайда алып келген жок деп ойлойм, себеби эл ічін деп ишке ашырылган бул тј¾кјріш айланып отуруп эле ошол эле элди, тагыраак айтканда, чын ыклас менен эмгек кылып бутуна жа¾ы туруп келаткан жарандарыбызды ченемсиз чыгымдарга дуушар кылды. Ми¾деген мекендештерибиз мээнет менен тапкан, канча убакыттан бери кашыктап чогултуп келген мілкінјн кјз ирмемде кол жууду, ми¾деген жарандарыбыз жумушсуз калды, демек ій білјсін багууга эч кандай каражатсыз калды. Алардын тагдыры эми эмне болот, кимден жардам кітјт, кимге ишенет, адилеттіілікті кайдан издейт? Бир гана нерсе белгиліі: алардын кайгысына эч ким жооп бербейт жана алар жумушсуздардын армиясын кјбјйтјт, натыйжада жоёбуз деп кјкірјк каккан жакырчылыктын јсішінј салымын кошот. Мындан айрым жарандар эле эмес, жалпы коом, мына биз, карапайым калк, кары да жашы да, байы да кедейи да материалдык да моралдык да жактан зыянга дуушар болгонун, бийлик менен айрым амбициясы чо¾ оппозиционерлердин кагылышынан ортодо тынч жаткан калы¾ эл запкы тартканын айрым замандаштарыбыз тішінбјй же тішінгісі келбей жатканы ого бетер зээни¾ди кейитип жатпайбы.

Ошентип, Акаев режими јз доорун жашап бітті, біткјндј да минтип јз аброюн жоготуп элдик тополо¾ менен кіч колдонуу аркылуу кулатылды. Ошентсе да, боштондукка, эркиндикке жетиштик деп уралаган кээ бир мекендештерибизге тішінј албайм. Же Акаев ошончолук эле Сталин же Хусейн сыяктуу бітін карапайым элди куугунтуктап, каматып 15 жыл бою эзип келген тиран, деспот беле? Эмнеден бошондук? Туура, айрым бийликке жакпаган, же бийликти тымызын э¾сеп жете албай бийликке таарынып жіргјн, же кээ бир чынында эле бийлик тарабынан адилетсиз куугунтукталган адамдар боштондукка жетишти. Бирок бітіндјй элди ага кошуп жибергенибиз туура болбосо керек себеби жалпы жонунан алганда, Орто Азияны мындай эле коёлу, керек болсо бітіндјй постсоветтик республикалар арасында Акаев э¾ либерал, э¾ жумшак мамлекет башчысы болгонун азыр да эч ким тана албайт. Андай болбогондо Кыргызстанда бігінкідјй санда ар кыл саясатчы жаралат беле, ким билет. Биздин јлкјдј, бул окуялар кјрсјткјндјй, саясатчылардан жана саясый партиялардан кјп эч нерсе жок экен. Эмнегедир бизде бизнесмен, соодагер, банкиринен тартып физиги болобу, доктуру болобу, айтор, мугалимине чейин эле саясатчы болгусу келеберет экен. Аларды башка иш кызыктырбайбы же саясат чынында эле јтј кирешеліі бизнес окшойт.

Ошондуктан, бул революцияны канчалык элдик дегенибиз менен эл кылбай эле жала¾ эле аркасынан саясаттан анчалык деле тішінігі жок жаштарды ээрчиткен саясатчылар кылган ј¾діі сезилет. Бул чындык бизде аздыр кјптір саясый эркиндик кагаз жізіндј эле эмес иш жізіндј да болгондугун далилдеп турбайбы. Андай болбосо бизге революциянын јзі эмес, эпкини да жетмек эмес, бігінкі оппозиция лидерлеринин тагдыры кандай болмок, аны эч ким айталбайт. Акаев кіч колдонбой, јкмјт ійін таштап качып кетишин бир жагынан коркоктук, чыккынчылык деп айыптасак, экинчи жагынан кан тјгіігј жол бербей бийликти тынчтык жолу менен “јткјріп бергенин” чынында анын атуулдук эрдиги деп эсептесек жа¾ылыштык болбос, анткени ал курал алып бийлигин коргогонунда анын аягы кандай жа¾жал менен бітмјк, бир кудай билет.

Акаев бийлигинин албетте јз кемчиликтери, каталары, кінјјлјрі бар болчу, бирок алар кјбінесе экономика жаатында болгонун а¾ сезимдіі кјпчілік тішінјт. Алардын бири коррупциянын кіч алышы, мамлекеттик мілктін бийликтеги аткаминерлер тарабынан адилетсиздик менен ээленип алышы ачык эле кјрініп турду. Бир жагынан жомоктогудай жаркыраган жана космостук ылдамдык менен курулуп жаткан хан сарайлар, биринен бири јткјн машинелер, ал эми экинчи жагынан машине минип ій курмак тігіл кінімдік кјр тиричилигин эптеп јткјріп жаткан калктын ортосундагы асман менен жердей айырма эл менен эч ким эсептешкиси келбегенин далилдеп койгон. Эмнеси болсо да, Акаевдин тээ эгемендіілік жылдарынын башында Кыргызстанды дійнјлік аренага алып чыгып, коомдо демократиянын принциптеринин тіптјлішінј, бјлініп жарылып бараткан коомдо бейпилдикти, биримдикти сактап калышына, рыноктук мамилелерге јтіі реформаларында салымы эбегейсиз зор экендигин моюнубузга алышыбыз зарыл. Тунгуч президентибиз јлкј ічін жасаган эмгектерин элибиз унутуп коюуга же тарых бетинен чийип салууга мімкін эмес экенин жана моралдык укугубуз жок экендигин эсинен чыгарбайт деп ойлойм.

Ал эми жа¾ы бийликтен эл кјпті іміт кылууда, бирок, тилекке каршы, жа¾ы бийлик јз доорун бир кездеги большевиктерге окшоп айрым жеке менчик ээлерин минтип кыйратуудан баштап алды. Бир гана тилек, кандай гана инсандар бийликке келбесин, бир ууч элибизди уруу уруу кылып, тіндік тіштік деп бјліп жарбай, тынчтыкты, элдин ынтымагын кјздін карегиндей сактап, байлыкты кайра бјліштіріі жана бири биринен јч алуу менен алек болуп кетпесе экен деймин. Жа¾ы бийлик, эл бийлиги деп јзін атаган со¾, ошол атка татыктуу болуп, критиканы туура кабыл алып, мурдагы бийликтин каталарынан жана мічіліштіктјрінјн сабак алса экен деймин. Сјзімдін аягында, жа¾ы муундун саясатчыларына јлкјбіздін тагдырын, келечегин тапшырып жатып белгиліі бир топ адамдардын кызыкчылыгын кјздјбјй калкты калыстык менен жалпы ойлоп, элдин турмушун о¾доого болгон кіч кубатын жумшап ишенимин актаса экен деген гана жјнјкјй тилегим бар.

Назарбек Акылбек уулу, Ат-Башы району
26.03.2005

2 comments:

Pablo (yo) said...
This comment has been removed by a blog administrator.
Jonathan said...

Шрифтти оңдош керек! ¾=ң, ј=ө, і=ү. Жөн эле издөө жана айырмаштоо функциясы менен кылсаң, болду.

Fix your fonts! ¾=ң, ј=ө, і=ү. A simple copy-and-replace should work.